"Мамлекетке 2 жарым миллион сом зыян келтирилген". Ысык-Көл РЭТинин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

“Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун (ААК) Ысык-Көл райондук электр тармагынын (РЭТ) кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Текшерүүдө “Чыгыш электр” ААКнын Ысык-Көл (Чолпон-Ата шаары) РЭТинин кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, райондун аймагында жашап жаткан абоненттерге электр энергиясын эсептөөчү эсептегичтерди орнотпостон, абоненттерди электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз туташтырышкандыгы жана карыздары өтө чоң сумманы түзгөн абоненттердин карыздарын жашыруу максатында жаңы эсептөөчү эсептегичтерди орнотушкандыгы аныкталган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Мындан сырткары адамдар жашабаган турак үйлөргө же имараттарга карата электр энергиясын колдонуп, карыздары чоң өлчөмдү түзгөн деп иш кагаздарды түзүшүп, кийин электр энергияга болгон карыздарды мыйзамсыз жоюу менен эсептен чыгарышкан.

Аталган мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке жалпы 2 миллион 547 миң 744 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан