Чүйдө түзөтүү мекемесине тыюу салынган заттарды киргизүүгө аракет кылгандар кармалды

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы түзөтүү мекемесине тыюу салынган заттарды киргизүүгө аракет кылган жарандар колго түшүрүлдү. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашкандай, шектүүлөр 11-мартта кармалды.

Маалым болгондой, Молдовановка айылында жайгашкан №27 жана №1 мекемелеринин кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемесине тыюу салынган заттарды киргизүү аракетине бөгөт коюлду.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кармалган Э.у.Б. жана Ж.Ч.Б. аттуу жарандар жалпы салмагы 1 килограмм 804 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар скотч менен оролгон 8 таңгакты түзөтүү мекемесинин аймагына ыргытууну көздөшкөн.

Бул факты каттоого алынып, кармалган жарандар, бардык чогултулган материалдар тергөөгө өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан