Баткендеги мал уурулуктан тургундарга 2 жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда бир нече мал уурулук фактыларынын бети ачылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, Кадамжайда "Бандит" аталышындагы рейд өттү.
Анын алкагында мурда катталган мал уурулук боюнча 16 фактынын бети ачылып, Кыргыз жана Өзбек жарандары биргелешип түзүлгөн топ кармалды.
"Жалпысынан Ак-Турпак айыл аймагынан 61 баш бодо мал уурдалып, жабырлануучулар 2 миллион 571 миң сом зыянга учураган.
Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 23 жаштагы А.О., Өзбекстандын Риштан районунун 20 жаштагы М.А., 22 жаштагы А.К., 21 жаштагы Х.И. жана 30 жаштагы Т.М. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.
Ошондой эле "Бандит" рейдинин жүрүшүндө район аймагына өткөрмө посттор коюлуп, унаалар текшерилип, жалпысынан 7 айдоочуга айып пул салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан