Чүйдө бөтөлкөлөшүн өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Экспертиза маркум эмнеден көз жумганын аныктады

Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрүү фактысы катталып, шектүүлөр колго түшүрүлдү. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылы 4-декабрда Москва РИИБине болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине барган ыкчам тергөө тобу териштирүү учурунда 1981-жылы туулган А.А. аттуу жарандын каза болгонун аныкташкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында каза болгон жарандын муунтулгандыгы аныкталган.

Анын негизинде катталган материал Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган О.Б. жана 1979-жылы туулган Э.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан