Жалал-Абадда аты-жөнү белгисиз кыз эс-учун жоготкон абалда табылып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, учурда ал дагы деле ооруканада.
Билдирүүдө 11-март күнү түнкү саат 03:10 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн. Анда Ленин көчөсүндө жайгашкан ЖТР телеканалынын жанындагы (чыгыштан батышты карай) темир жолдон 50 метр алыс аралыктагы жолдун ортосунда 20-25 жаш курактагы кыз эс-учу жок абалда жаткандыгы кабарлаган.
"Аты-жөнү белгисиз болгон кыз Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын жанында эч кандай документи болгон эмес. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБинин тергөө тобу чыгып, жерине кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жакын жерлерде жайгашкан видеокамералар каралып, окуяга тиешеси бар видео алынган.
Бул факты текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.