Токмоктун базарында уурулук кылып жүргөнгө шектүү кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында 3 уурулук фактысына шектүү жаран кармалды. Ал шаардагы базардан ар түрдүү буюмдарды уурдап жүргөнү такталды дешет облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.

Билдирүүгө караганда, 2021-жылдын октябрь айынан тарта Токмок ШИИБине жергиликтүү жашоочулардан бир нече арыздар түшкөн. Алардын бири телефонун, дагы бири сумкасындагы акчасын, зер буюмдарын уурдатып алганын айтышкан. Андан сырткары азык-түлүк жана темир түтүктөрү уурдалганы тууралуу арыздар түшкөн.

Жогорудагы фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча каттоого алынган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында шектүү шаардагы базардан ар түрдүү боюмдарды уурдап жүргөнү аныкталган. Кармалган жарандын Токмок шаары боюнча үч кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Териштирүү иштери улантылууда", - дешти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан