Сириядагы согушка Кыргыз өлкөсү аркылуу бара жаткан чет элдик жарандар кармалды (фото)

Сириядагы согуштук аймакка баруу максатында Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Кыргыз Республикасынын корголуучу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Кармалгандар мурда террорчулук менен соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.

"Кармалгандар Кыргыз өлкөсүнө келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргыз өлкөсүнүн паспортторун жасоого аракет кылышкан. Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Алар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан