Ош облусунун Өзгөн районунда сарайдан өрт чыгып, кырсыктан 36 жаштагы жаран күйүк алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жабырлануучу ооруканага жеткирилди.
Маалыматка ылайык, Байсеит айылында эки кабаттуу жыгач устундуу тунике менен жабылган сарай толугу менен күйдү. Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган И.У. аттуу эркек киши моюнунан жана колунан күйүк алып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.