Арзыбек Кожошев илимий чөйрө өкүлдөрү менен кризиске каршы чараларды талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев дүйнөдө орун алып жаткан жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткан окуяларга жооп кайтаруу боюнча кризиске каршы чараларды иштеп чыгуу үчүн илимий чөйрө өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, дүйнөлүк экономикалык кризис системалуу мүнөзгө ээ, ал бир катар экономикалык жана социалдык тармактарга, мындан тышкары дүйнөлүк экономиканын структурасына жана эл аралык экономикалык мамилелердин принциптерине да өз таасирин тийгизет.

"Кризис создугуп кетиши ыктымал. Бирок дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Учурда министрлер кабинети кризиске каршы чаралардын жыйындысын даярдоодо, ал топтолгон финансылык ресурстардын көлөмүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте кармап туруу зарылдыгынан келип чыгуусу тийиш. Бул калкты жана бизнести колдоо боюнча жаңы чаралардын ыкмасы болмокчу", - деди Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде жарандык коомдун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы миграция, дары-дармек запастары, кредиттик-финансы саясаты жаатында ыкчам чараларды көрүүнү сунуштады.

Иш-чаранын жыйынтыгында кеңешмеде айтылган бардык тийиштүү сунуштар президенттик администрациянын иштеп чыгуусуна берилди.

Мындан тышкары кризиске каршы жыйынтык чаралар жакынкы аралыкта социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Кризиске каршы комитеттин кеңешмесинде каралышы пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан