Ошто 25 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кара-Кулжада кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү кечки саат 21:30 чамасында Кара-Кулжа айылынын Каратаев көчөсүндө белгисиз айдоочу унаасы менен 1997-жылы туулган кызды сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып, Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилген.

"Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, 2004-жылы туулган Р.Э. аттуу айдоочу Хонда-СРВ унаасы менен кармалган. Бул факты Кара-Кулжа РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан