Бишкекте кеңселерден ноутбук, телефондорду уурдап жүргөн деп 42 жаштагы адам кармалды

Бишкекте бир нече уурулукка шектелип 42 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта милицияга М.Р. аттуу адам кайрылып, түндө 7-Апрель көчөсүндөгү кеңсесине белгисиз адамдар кирип, ага таандык Apple MacBook Pro 13 аппаратын уурдап, 80 миң сом зыян келтиргенин билдирген.

Ошондой эле 10-мартта милицияга М.Д. аттуу тургун дагы кайрылып, 7-Апрель көчөсүндөгү кеңсесинен белгисиз адамдар 40 миң сомдук Lenovo үлгүсүндөгү ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген.

Мындан сырткары 10-мартта милицияга С.Д. аттуу тургун дагы кайрылып, ал дагы 7-Апрель көчөсүндөгү кеңсесинен белгисиз адамдар iPhone 10, iPhone 11 Pro Mах үлгүсүндөгү телефондорун уурдап, 96 миң сом зыянга учуратканын айткан.

Бул окуялар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган.

Анын алкагында аталган кылмыштарга шектелип П.П. аттуу 42 жаштагы адам кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу такталууда.

Бишкекте ууру офистерди тоноду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан