Нарында жактоочумун деп тургундун 6 миң долларын алдап алган адам кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан И.к.С. аттуу адам кармалган. Ал Нарын облустук сотунда тууганынын иши каралып жаткан жергиликтүү тургунга өзүн жактоочу катары тааныштырып, соттон актоо чечимин чыгартып берем деп 6 миң долларын алдап алган деп айыпталууда.
Укук коргоо кызматкерлери иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган адамдын жактоочулук лицензиясы жок экендигин тактаган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.