"Түндүк электр" ишканасына мыйзамсыз туташып иш жүргүзгөн майнинг-ферма аныкталды

УКМК тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Аны иштеткен деген шек менен 25 жаштагы жаран кармалды.

УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, мыйзамсыз иш жүргүзгөн майнинг-фермаларды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү.

"3-мартта Бишкек шаарындагы "Тихий-Замок" мейманканасынын жер төлөсүндө "Түндүк электр" ишканасына мыйзамсыз туташып, 150дөн ашык техникасы бар криптовалюта өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды. Аны 1997-жылы туулган Х.Р. иштетип жүргөн.

Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен "Улуттук электр холдинг компаниясы" майнинг өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салган.

Учурда жогорудагы факты боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан