Бишкекте "Нават" чайханасынан өрт чыкты

Бишкекте "Нават" чайханасынан өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Маалым болгондой, бүгүн, 15-мартта Байтик Баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Нават" чайханасынан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 08:30да чектөөгө алынып, саат 09:05те толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен чайхананын ашканасынын 45 чарчы метр чатыры жана пластик шыбы күйдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан