Башкы прокуратура Жыргалбек Сагынбаевди камакка алды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеп турганда кызматкерлерине 5 миллион сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары берген деп айыпталууда.

Ошондой эле Сагынбаев менен бирге өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Элдияр Муканов да кармалган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан