Тапанча көтөргөн каракчылар бишкектик кызды өз үйүндө тоноп кетишти

Бишкекте белгисиз адамдар тургунду үйүнөн тоноп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 13-мартта М.С. аттуу кыз кайрылган. Ал арызында ушул эле күнү үйүнө тапанча көтөргөн белгисиз адамдар кирип, 15 миң сомун жана эки уюлдук телефонун тартып алганын айткан.

Бул иш боюнча иликтөө башталып, шектүү катары 1999-жылы төрөлгөн Б.А. жана 1998-жылы төрөлгөн С.Э. аттуу адамдар кармалган.

Алардын жанынан 4 уюлдук телефон жана тапанча табылган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан