Сокулукта алдоо жолу менен жер тилкелерине ээлик кылып жүргөндөр аныкталды

Чүй облусунун Сокулук районунда алдамчылыкка жана бөтөн жерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга шектүүлөр кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашат.

Маалым болгондой, 2021-жылы 9-декабрда Сокулук РИИБине 1959-жылы туулган К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал бейтааныш жарандар анын ишеничине кирип, алдоо жолу менен Новопавловка айылына караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкесин ээлеп алышканын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) жана 212-берене (бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 1959-жылы туулган М.К. жана А.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы ушул сыяктуу 5 кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги такталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан