Кара-Суу районунда унааны айдап качкан жаран кармалды

Кара-Суу районунда унааны айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-декабрында Кара-Суу РИИБине Кара-Суу шаарынын К.Н. аттуу жашоочусу ага таандык болгон Daewoo matiz үлгүсүндөгү унаасы уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14-мартта кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 23 жаштагы Ж. уулу А. аттуу тургуну кармалып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан