Бишкекте айдоочу жолдун ортосунан кызды сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, унаа айып короосуна коюлду.
"Хонда Гетц үлгүсүндөгү унаа Тыналиев көчөсү менен жогору көздөй бара жатып жолдун ортосунан кыз (ред.: жашы такталууда) чыга калып, аны байкабай сүзүп алган. Азыркы учурда териштирүү иштери уланууда. Унаа айып короосуна коюлду. Жабыркаган кызды дарыгерлер көзөмөлдөп жатат", - деп билдирди кайгуул кызматынан.