"Жасалма келишимдерди түзгөн". Бишкекте курулуш компаниялардын биринин башкы директору кармалды

Бишкекте курулуш компаниянын биринин башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, бул кылмыштуу топ Бишкек шаарында бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, ошону менен кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырган. Андан кийин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу үчүн Бишкектеги “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында курулуш компаниялардын биринин башкы директору А.М. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин ушул ишке окшогон фактыларын аныктоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан