Бишкекте аялын аёосуз сабаган адам Түркиянын жараны болгон. Учурда ал изделүүдө

Буга чейин бишкектик аял күйөөсү мыкаачылык менен сабаганын социалдык тармактагы баракчасына жазган. Биринчи Май РИИБинен аялын сабаган адам Түркиянын жараны экенин, учурда ал изделип жатканын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-мартта Д.М. аттуу жаран күйөөсү Б.Х.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 00:00 чамасында Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйүндө аны 4 саат бою сабап, денесине залал келтиргенин жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" берене менен катталып, кылмыш иши козголгон. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда Түркиянын жараны Б.Х.нын дарегин тактоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан