22-24-ноябрь күндөрү Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрү арасында өтүүчү 6-кинофестиваль болуп өттү.
Айта кетсек, кинофестивалга 6 толук метраждуу жана 18 кыска метраждуу фильм катышкан. Калыстар тобунун чечими менен баш байгеге Алмаз Жангазиевдин “Сүйөм дечи” тасмасы татыса (10 000 сом), Санжар Абдыжапаровдун “Участковый” тасмасы "Эң мыкты көркөм фильм" наамын (5 000 сом) алды.
Мындан сырткары төмөнкү наамдар боюнча да сыйлыктар тапшырылды:
"Мыкты кыска метраждуу фильм" - “Келин” Жылдызбек Разакулов;
"Мыкты режиссёр" - “Аят 3”, Азамат Арыков;
"Мыкты оператор" - “Бакыт баасы”, Талант Ургазиев;
"Мыкты монтаж" - “Бакыт баасы”, Нурлан Разакулов, Талант Ургазиев;
"Мыкты сценарий" - “Мезгилдер алмашабы?”, Элназ Бактыгулов;
"Мыкты үн режиссёру" - “Бакыт баасы”, Нурлан Разакулов;
"Мыкты композитор" - “Участковый”, Азат Жумабеков;
"Мыкты айымдын ролу" - “Сүйөм дечи”, Рахат Божокоева;
"Мыкты мырзанын ролу" - “Бакыт баасы”, Канат Абдырахманов;