Швейцария Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык билим берүү реформасын колдойт

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын Кыргыз жергесиндеги элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды. Жолугушууга Швейцариянын элчилигинин билим берүү боюнча долбоорунун улук координатору Эльвира Мураталиева да катышты.

Тараптар Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Белгилүү болгондой, Швейцариянын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Кыргыз Республикасындагы медициналык билим берүүнү реформалоо долбоорунун жыйынтыктоочу фазасы тууралуу маалыматтар берилди.

"Долбоордун алкагында министрлик менен биргеликте медайымдарды окутуу үчүн жаңы окуу программалары иштелип чыккандыгы, аларды ушул жылдын сентябрынан тартып 4 пилоттук колледжге киргизүү пландалып жаткандыгы, ушуга байланыштуу окуу программасын өлкөдөгү башка медициналык кесиптик билим берүү уюмдарында жайылтуу, долбоордун жыйынтыктарына мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарылчылыгы белгиленди.

Министрлик долбоор аяктаганда медициналык окуу программаларын киргизүүнүн сапатына чогуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө даяр экендигин, жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына жараша окуу программасын башка медициналык кесиптик окуу жайларына жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн айтты", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан