Сокулук районунун Кызыл-Суу айылындагы 17 жашар кызды зордуктоого айыпталып кармалган адамга телефон чалып коркутуп жатканы тартылган видео тараган.
Кечээ, 15-мартта айрым басылмалар бул окуя боюнча 5 милиция кызматкери иштен кеткенин жазып чыгышкан.
Чүй ОИИББине бул тууралуу байланышканыбызда, ал маалымат калп экенин билдиришти.
“Бул окуяга байланыштуу милиция кызматкерлери жумуштан алынган эмес. Сокулук РИИБинин 14 кызматкери жазаланган, алардын ичинен алтоо кызматынан төмөндөтүлгөн”, - деп билдиришти облустук милициядан.
Былтыр, 5-декабрда Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого айыпталып жергиликтүү тургун кармалган.
Кыздын атасы милицияга кайрылып, 2004-жылы төрөлгөн кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына чейин жеткирип коём деп жолдо зордуктап салганын билдирген.
Бул кылмышка шектелип, кыздын 32 жаштагы айылдашы кармалган. Муну менен катар ошол айылдын дагы бир тургуну, 19 жаштагы кыз кармалган адам тарабынан мурда зордукталганын айтып чыккан.
Бул окуядан кийин абакта отурган айыпталуучуга коркутуулар болуп, анын үй-бүлөсүн айылдан көчүп кетүүгө мажбурлашкан.