Токмокто каналдан орто жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы Зеленая жана Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишинде каналдан болжол 50-55 жаштагы кебетеси азиялык кишинин жансыз денеси табылган.
Ал жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жансыз денени каналдан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.