"О!Деньги" төлөм тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча "О!Деньги" сервисин маанилүү төлөмдүк тутуму катары таанылгандыгы жөнүндө тиешелүү кабарламаны алгандыгын билдирди.
2021-жылдын экинчи жарымы боюнча "О!Деньги" төлөмдүк тутуму улуттук валютадагы чекене сатуулардын жалпы санынын 35%дан кем эмес төлөмдөрдү иштеп чыкты, бул тутумду маанилүү деп таанууга негиз болуп калды.
Маанилүү төлөмдүк тутум – накталай жана накталай эмес төлөмдөр менен эсептешүүнүн каражаты катары калктын улуттук валютага болгон ишенимин колдоого шарт түзө турган тутум болуп саналат.
Бүгүнкү күндө "О!Деньги" сервиси Кыргызстандын рыногунда төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча алдынкы позицияны ээлеп турат жана калктын 80%ын потенциалдуу камтуу менен өлкөнүн бардык облустарында жана аймактарында бар.
Сервистин артыкчылыктары:
"О!Деньги" капчыгы колдонуучулар тарабынан 2 миллиондон ашуун жолу жүктөлгөн "Мой О!" тиркемесине кошулгандыгын белгилей кетмекчибиз.
"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817. "О!Деньги" электрондук акчалардын эмитенти – "Дос-Кредобанк" ААК, КР УБ лиц.: №037.