Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан жээгин казгандар аныкталганын облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 3 тургуну Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын түндүк тарабындагы көлгө чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүшүп, экскаватор менен жээктин жер кыртышын бузуп салышкан.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБинин маалымат электрондук журналына катталып, жер бузуу фактысы орун алганын же албаганын аныктоо максатында чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилген.
“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.