Бишкекте эл аралык издөөдөгү Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада "Розыск" аттуу рейд өткөн. Анын алкагында Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан бир нече оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Тажик жараны кармалган.
Ал Тажикстанда тыюу салынган партиянын мүчөсү болгон.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.