Ошто үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев кармалганы кабарланган. Андан тышкары жетекчинин шериктеринин үстүнөн дагы арыз түшүп, тергөөгө келип жатышканын өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришти.
Айтымдарында, бул иш боюнча Аалиевден тышкары дагы башка адамдар кармалышы мүмкүн.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Абилбек Алимкулов бүгүнкү күндө жабыркадым деген жарандар дагы деле арыз менен кайрылууда.
"15-мартта Бишкек шаарынын тургуну Б.А. Оштун аймагынан кармалды. Ал коммерциялык эмес турак жай кооперативин түзүп, элден акча алып жүргөн. 24 арыздануучуга 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөдө кармалган жаран элден алган акчанын 4 миллион сомдон ашыгына ижарага кеңсе алганын, өзүнө 100 миң содон ашык айлык чегерип жүргөнүн, каражаттарды жок кылганын айтты. Учурда жабыркадым деп арыз жазгандар дагы деле кайрылышууда. Урматтуу жарандар, мындай маселеде кылдат болуп, өзүңүздөргө сак болуңуздар", - дейт Алимкулов.
Белгилей кетсек, "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин түштүк аймактагы филиалынын жетекчиси кармалып, 48 саатка камакка алынганын Ош ШИИБден кабарлашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.