Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентин кармады

Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентин кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 миллион сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.

Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген", - деп билдиришти прокуратурадан.

Мындан тышкары алар С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 миллион 705 миң сомго сатып, ага ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.Н.Э. аттуу жаранга карата эл аралык издөө жарыяланды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан