Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата чыгарылган антологиянын бет ачары болот

Бишкекте 27-ноябрда, "Ала-Тоо" кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата чыгарылган антологиянын бет ачары болот. Анда улуу жазуучунун өз үнү менен жаздырылган “Биринчи мугалим”, “Кызыл алма”, “Жамиля”, “Эрте келген турналар”, “Гүлсарат”, “Кылым карытар бир күн”, “Бетме-бет” чыгармаларынын аудиокитептери камтылган. 
Ошондой эле көрүүчүлөргө “Биринчи мугалим”, “Кызыл алма”, “Жамиля”, “Эрте келген турналар”, “Ак кеме”, “Ак баранын көз жашы” тасмалары санариптештирилген форматта көрсөтүлүп, эскерүү салтанаты менен коштолот. 
Бул салтанатка жазуучунун туугандары, достору, өкмөт мүчөлөрү, анын чыгармаларындагы каармандардын ролдорун жараткан актёрлор чакырылган.
 Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов 12-декабрда 85 жашка чыкмак. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан