"30 жашта тизе үшүп, бийлейин десең кыймылың окшошпой баштайт экен" дейт туулган күнүн белгилеп жаткан Самат Эркинбеков

Бүгүн, 16-мартта "Тамашоунун" оюнчусу, Акылайдын образы менен таанылып, Гулянын ролу менен оозго алынган актёр, тамада Самат Эркинбеков 30 жашка чыкты.

"Ойгонорум менен эле куттуктоолорду окуп баштадым. Негизи бул күндү өзгөчө кылып деле белгилебейм. Бул ирет туулган күнүмдү жакындарым менен белгилейин деп турам. Келинчегим дасторкон жайып жүрөт", - дейт ал.

Актёр куттук айткандардын баарына ыраазычылык билдирип, 30 жашы тууралуу тамаша аралаш билдирүү калтырды.

"30 жашта - тизе үшүй баштайт дейт, досторуң семире баштайт экен, Асылбек Өзүбеков менен Алтынай Нарбаеванын ырларын анда-санда угуп коёт экенсиң, клуб, дискотекага эмес, чайхана, жаратылыш, тынч жерде эс алгың келе баштайт, жаңылыктарды окуп, саясатты карап, сарсанаа боло баштайт экенсиң, бийлейин десең кээ бир кыймылдарың окшошпогондой сезиле баштайт, кийимдерди аялың тандап бере баштайт, бирөө менен мушташа кетпегенге аракет кылып, өзүңдү 21 жаштагыдай алып жүргүң келет экен. Отузуңда бир, эки китеп окуп коёюн дейт экенсиң, үй-бүлөм деп калат окшойсуң, карызга акча алуу оңой эле болуп калат экен, жол тандабас айдагың келе берет экен.

Жума намазга көп бара баштайт окшойсуң, бир тууган менен достукка бекем болот экенсиң, карыздарың көбөйүп кетиши мүмкүн экен, бала эмес же чоң киши эмес, ары эмес, бери эмес окшойт, акылдуурак болуп башкача ойлоно баштайт экенсиң. Ойлонуп көрсөм 30 жашымда жакшы ийгиликтер келип, бышып, жылдызым жанып турган кезим экен, Кудай кут кылсын", - дейт ал.

Самат Эркинбеков 1992-жылы Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77 мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы тиш доктурлук адистикке ээ болгон.

Өзү чүйлүк жигит болгону менен, балалыгы Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчунда өткөн. Ата-энеси медицина кызматкерлери болгондуктан бирде Ошто иштесе, бирде теңир-тоолуктарга кызмат өтөшкөн. Тентектиги элде жок Самат кичинесинде чочуркоо дегенди билчү эмес. Көчөдө ойноп жүрүп бейтааныш адамдарды ээрчип кете берип, көп уруш жеген.

Саматты биз "Тамашоу" долбоорунан улам тааныйбыз. Долбоорго 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа-2", "Көк салкын", "Көк салкын-2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист", "Жора+Гуля" тасмаларында, "Шерине" сериалында роль жараткан. Ошондой эле кыргыз эстрада ырчыларынын клиптеринде образ жаратууга да жетишкен.

2015-жылы сүйүктүүсү Чолпонайга баш кошуп, түгөйлөр 2020-жылы октябрь айында Иман аттуу уулдуу болушту.

Самат Эркинбековдун бала чагынан ушул кезге чейинки сүрөттөрүн бул шилтемеге өтүп тааныша аласыз.

16-мартка карата жылнаама.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан