Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтышта Амантай Кутманалиев баш байгени жеңип алды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыштын финалдык туру жыйынтыкталды.

Айтыштын жыйынтыгында Амантай Кутманалиев баш байгеге ээ болуп, 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан ээлесе (150 миң сом), экинчи орун Баян Акматовго буюрду. Үчүнчүлүктү Мамбеттокто Орозо ээледи.

Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Республикалык айтыш коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан