
Бишкекте жарандарга унаа алып келүүнү убадалап, алдын ала акча алып изин жашырып жүргөн киши кармалды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүүнүн үстүнөн эки жарандан арыз түшкөн.
Белгилүү болгондой, жабырлануучулар милицияга 10-февралда арыз менен кайрылышкан. Алардын бири былтыр ноябрь айында Хонда CRV унаасын алып келип берем деген К. аттуу кишиге 150 миң сом жана 600 доллар каражатын ишенип бергенин, бирок унаа албаганын айткан.
Ал эми экинчи жабырлануучу былтыр сентябрь айында унаа алып келип берем деген К. аттуу адамга 15 миң доллар каражатын ишенип бергенин, бирок унаадан жок же акчадан жок калганын айтып арызданган.
Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иши башталган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1979-жылы туулган Н.К. кармалды. Октябрь райондук соту тарабынан ал СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.
Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экенин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо 0(702)40-50-65, 0(551)83-35-56 же 102 номерлерине байланышып коюуну суранабыз", - дешет милициядан.