Шахматчы Чыңгыз Исаев шахмат боюнча Эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Кыргызстандык шахматчы Чыңгыз Исаев шахмат боюнча Эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда анын машыктыруучусу билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын Эскишехир шаарында өткөн Эл аралык мелдешке түрк тилдүү  10 өлкөдөн шахматчылар катышкан. Кыргызстандын атынан 8 спортчу барып, 14 жана 16 жашка чейинки куракка чейинкилерде оюнчулар швейцариялык систем боюнча 6 тур оюндарын өткөрүштү.

14 жашка чейинкилерде Чыңгыз Исаев 5 упай топтоп, 3-орунду ээледи. Кыргызстандын атынан барган оюнчулар жакшы оюн көрсөтүшүп, бирок байгелүү оюндарга илине алышпаганын кошумчалайт машыктыруучу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан