Бүгүн, 17-мартта президент Садыр Жапаров 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчы Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Ошондой эле министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.