Таласта мамлекетке 1,5 миллион сомго чукул зыян келтирген кызматкерлерге иш козголду

Таласта мамлекетке 1,5 миллион сомго чукул зыян келтирген кызматкерлерге иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районунун Электр тармактары мекемесинин жооптуу кызматкерлери 1 миллион 407 миң сом зыян келтиришкени аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан