Жалал-Абадда жеңил унаалар сүзүшүп, 21 жана 17 жаштагы жарандар жабыркады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 16-мартта Чеке-Дөбө айылында Дэу Тико жана Шевроле Лассети үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган Н.А. (эркек) жана 2005-жылы туулган А.И. (кыз) жабыркады. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандар жолдо бараткан унаалар аркылуу ооруканага жеткирилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан