Караколдо Mercedes-Benz Sprinter унаасы өрттөнүп кетти (фото)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"16-мартта саат 09:25 чамасында Каракол шаарынын Горький көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter унаасы күйүп жатат деген маалымат түшкөн.
Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бригада тартылып, саат 09:34тө чектөөгө алынып, 09:38де толугу менен өчүрүлгөн", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрттүн кесепетинен унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кеткен. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан