Фотоальбом рубрикабыздын бул жолу каарманы легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы курамынын мүчөсү, учурда жеке ырчы Айпери Сыдыкова болмокчу. Ырчы кечээ, 16-мартта 36 жашка толду. Дээрлик 19 жылдан бери сахнада жүргөн Айпери Сыдыкованын бойдок кезинен тарта эне болгонго чейинки сүрөттөрүн топтодук.
Ырчы 1986-жылы 16-мартта Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. "Кыз-Бурак" тобуна 2003-жылы келип, сахнага "Чын эле мени унуттуңбу?" ыры менен чыккан.
2007-жылы аталган топтон кетип, сөзү, обону өзүнө таандык "Апакай ак куу" аталышындагы ыры менен кайра сахнага жеке ырчы катары кайтып келген. Репертуарында "Эркем", "Махабатты барктайлы", "Жашоо керемет" жана башка бир катар ырлары бар.
Айпери Сыдыкова Мырзамир аттуу жигит менен интернеттен таанышып, 2010-жылы баш кошушкан. 2011-жылы түгөйлөр уулдуу, 2015-жылы кыздуу болушкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.