Бишкекте үйдүн сигнализациясы иштеп кетип, ууру колго түштү

ИИМдин Күзөт кызматкерлери Бишкекте үйгө кирген ууруну кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-март күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунда болгон. Анда Борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусунда турган, үйлөрдүн биринде сигнализация иштеп, кармоо тобу дароо жөнөп кеткен.

Алар аталган үйгө барганда 30-35 жаштар чамасындагы адам дубалдан секирип түшүп качып жөнөгөн. Кармоо тобунун экипажынын улугу жана автоматчы-милиция кызматкери экөө артынан кууп жетип кармашкан.

Ошондой эле аластан шектүү кочкул-кызыл түстөгү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаа күн батыш тарапка катуу ылдамдыкта кеткени байкалган. Учурда Октябрь РИИБинин кызматкерлери айланадагы видео байкоолорду карап шектүү унаага багыттама берүү иштерин жүргүзүүдө.

Кармалган адам үйдөгү электр жарыгын өчүрүп, сигнализациянын сиренасын талкалап, терезе аркылуу кирүүгө аракет кылганда сигнализация иштеп кеткен.

Ал жерге үйдүн ээси чакыртылып, ал эч нерсе жоголбогонун айткан.

Учурда кармалган 1989-жылы туулган С.А. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан