Бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кадамжай районундагы тоодон койчу сумканын ичинен ымыркайдын жансыз денесин таап алгандыгын билдирген.
Кийинчерээек Баткен ОИИБи бул факты боюнча толугураак маалымат берди.
"2022-жылдын 16-март күнү саат 18:00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну өзүнүн малын кайтарып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан сумка таап алып, ичин караганда ымыркайдын жансыз денеси чыккан. Ал дароо милицияга кабар берген..
Кадамжай РИИБинин жетекчиси ыкчам-тергөө тобу менен аталган жерге барып, сумкада эркек ымыркайдын жансыз денеси ак кездемеге оролгондугун аныктаган. Ошондой эле ымыркай менен кошо сумканын ичинен MI Bend 4 кол сааты табылган.
Бул фактыны Кадамжай РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына каттап, жансыз денеге экспертиза дайындалды.
Азыркы күндө ымыркайдын энесин жана аны талаага таштаган белгисиз адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.