Баңгизатты мотоциклдин кыймылдаткычына катып бараткан Токтогул районунун тургуну кармалды

Мотоциклдин кыймылдаткычына баңгизатты жашырып алып келе жаткан Токтогул районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чычкан капчыгайында милиция кызматкерлери Хонда Степвагон унаасын токтотуп текшеришкен. Анын багажынан мотоциклдин кыймылдаткычы табылган. Кыймылдаткычты ачканда, ичинен 47 даана ширеңкенин кутучасынын формасындагы гашиш баңги заты табылган.

Унаанын айдоочусу 1994-жылкы Т.Н. аттуу адам кыймылдаткычты Кайрат аттуу таанышы акча төлөп салып, Бишкек шаарына жеткирип берүүнү сурангандыгын айткан.

Ошол эле күнү жүктү салган 1993-жылы туулган А.К. аттуу Токтогул районунун жашоочусу кармалып, күнөөсүн моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан