Ошто үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бакыт Аалиев тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Ош шаардык соту тарабынан "S-line" турак-жай кооперативинин жетекчиси А.Б. эки күн мурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Бүгүн, 17-мартта Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды", - деп билдирди Ош ШИИБи.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул жарандан жана аталган кооперативден жабыр тарткан жарандарды Ош ШИИБинин тергөө кызматына кайрылууга чакырат.
Белгилей кетсек, "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин түштүк аймактагы филиалынын жетекчиси кармалып, 48 саатка камакка алынганын Ош ШИИБинен кабарлашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.