17-мартта SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кадамжай районундагы тоодон койчу сумканын ичинен ымыркайдын жансыз денесин таап алгандыгын билдирген.
Учурда бул факты боюнча ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатканын SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Бул факты боюнча учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда шектүүлөр боюнча эч кандай илинчек табыла элек", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.