Социалдык тармакка мотоциклдин айдоочусу менен кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы жаңжал боюнча видео тарады. Андан бир кызматкердин тапанча менен айдоочуну коркутуп жатканын, экинчи кызматкер ортого түшүп жатканын көрүүгө болот. Окуя Бишкек шаарында катталганы, учурда тиешелүү иштер аткарылып жатканы милициянын кайгуул кызматы тарабынан белгилүү болду.
Мекемеден кабарлашкандай, 17-мартта түндө Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен кайгуул кызматкерлери мотоциклдин айдоочусун токтоткон.
"Бирок айдоочу баш ийбей, аны 12-кичи райондон кармашты. Кармалган жаран мас абалда болгону аныкталып, ага карата 5 протокол түзүлдү. Ал эми тапанчасын алып чыккан кызматкердин аракети боюнча ички кызматтык иликтөө башталды", - дешти басма сөз кызматынан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.