Кыргыз өлкөсүнүн чек арасынан мыйзамсыз өткөн Казак жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-март күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан 1969-жылы туулган З.Ф. аттуу Казакстандын жараны бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип кармалган.
З.Ф.нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстандагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп, аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Алынган маалымат боюнча, З.Ф. Кыргыз Республикасына келгендиги тууралуу маалыматтар жок. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.