18-март: Таңга маал Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Бүгүн, 18-март күнү таңга маал Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"18-март күнү таңкы саат 05:00–06:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында эки тилкеден болжол менен 8000 метр куб кар көчкүсү түшкөн. Азыркы учурда жол убактылуу жабык.
№3 Жол тейлөө ишканасынан 3 бульдозер тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан