Ошто дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган өспүрүм: Ал чоң атасына бара жаткан

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда тоодогу чоң атасына чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 16-март күнү саат 21:10 чамасында райондук милицияга Буйга айылынын тургуну 9 жаштагы Ш. Н. аттуу бала 2022-жылдын 15-март күнү саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча келбегенин билдирген.

"Жерине барган милиция кызматкерлери өспүрүм ошол айылдын Чоң-Секи жайлоосунда мал-жандыктарын карап жүргөн чоң атасына бара жатып дайынсыз жоголуп кеткендигин аныктаган.

17-март күнү саат 14:00 чамасында ошол айылдын Токойлуу-Конуш аймагындагы жолдун четиндеги бак-дарактардын арасынан денесинде эч кандай жарааты жок баланын жансыз денеси табылган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Өспүрүмдүн жансыз денесин туугандары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда териштирүү улантылууда.

Кечээ, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан