Викрам Рузахунов, Айзар Касымов... Музыканттар "маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өлкөдөгү джаз искусство өнөрүн алып жүрүүчүлөр менен жолукту. Жолугушуу эркин форматта өтүп, келген өнөр адамдары кенен пикир алмашты дешет министрликтен.
Азамат Жаманкулов алар менен биргеликте бүгүнкү күндөгү джаз искусствосундагы өксүктөр, буга чейин бул искусство өнөрүнө көңүл бурулбай келгени, мындай талантты таптоодо музыкалык билим берүү мекемелеринин ролу жана сейрек кездешүүчү өнөр адамдарын алып чыгууда кандай талаптар бар экендигин талкуулады.
Өнөр адамдары буга чейин министрлик джаз искусствосун көңүл сыртында калтырып келгендигин айтып, бүгүнкү кабыл алуу аларга болгон экинчи демдин ачылышы жана чоң колдоо катары кабыл алгандыгын белгилешти.
Министр өнөр адамдарына "маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.
Төш белги алгандар: Викрам Рузахунов, Медербек Токтогулов, Айзар Касымов, Аскар Абдылдаев жана Кубанычбек Кыдыкбаев.